УКМК нын Аксы райондук бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду, – деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кербен шаарында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы, заманбап административдик имараттын ачылышы болду.
Иш-чарага облустук башкы башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
КР УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнүн имараты Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди.
Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлердин иштөө шарттарынын талабына жооп бере турган керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.