УКМК: Ноокенде мунай өндүрүүчү компания 207 млн сомго жакын салыкты төлөгөн эмес

 УКМК: Ноокенде мунай өндүрүүчү компания 207 млн сомго жакын салыкты төлөгөн эмес

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында мунай өндүрүүчү компанияда 207 млн сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бир нече компаниялардын иш-аракеттерин координациялоо бир адамдын, КЭРдин жаранынын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып, товарларды жалган жеткирүү, ошондой эле жумуштарды өз ара байланышкан ишканалардын ортосунда документтештирилгендиги аныкталды.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөн. Калган келтирилген зыянды тез арада төлөп берүүлөрү пландалууда.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар