УКМК: Ноокатта айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Ноокатта айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлери мыйзамсыз сатылган.
4-июнда УКМК тарабынан Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т. жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.Ага Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде айып коюлуп, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан 30-июнга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.