УКМК: Нарматовага жасалма диплом берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

 УКМК: Нарматовага жасалма диплом берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы суракка чакырганынын себебин түшүндүрүп, аны окууга кабыл алган Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун кабарлады. 

Маалыматка ылайык, атайын кызматка парламенттик шайлоо учурунда Нарматованын ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы Орозайым Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт.

“Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова өлкөдө жок болуп, Россия Федерациясында болгону аныкталган. Демек, ал Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет”,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ушул себептен Орозайым Нарматова аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа бериле турганын УКМКдан кошумчалады.

Жанылыктар