УКМК мыйзамсыз миграцияда жүргөн  тажик жарандарын  кармады

 УКМК мыйзамсыз миграцияда жүргөн  тажик жарандарын  кармады

Ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылында туулуп, Сүлүктү шаарында  белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды.

Алар Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жүрүшкөн.

Кармалган Тажикстан Республикасынын жарандары УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар