УКМК: Мыйзамсыз баңгизат  саткан каналдын ишине бөгөт коюлду (сүрөт)

 УКМК: Мыйзамсыз баңгизат  саткан каналдын ишине бөгөт коюлду (сүрөт)

Кечээ, 3-февраль күнү  “К.К.М.” жана “А.М.А.” аттуу кыргыз жарандары Кара-Буура районундагы кыргыз-казак чек арасынын «Аманбаев» тилкесинде мыйзамсыз баңгизатын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандардын бири “К.К.М.” мурда баңгизатын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталган.

Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 кг жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттары бар (культивацияланган индиялык кара куурай) желим баштык табылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Кымлыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштардын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестринин катталды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар