УКМК Камчы Көлбаев кармалганын билдирди

 УКМК Камчы Көлбаев кармалганын билдирди

Ушул жылдын 16-ноябрында Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды.

Бул боюнча Көлбаев жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана  «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү  тапанча) табылган.

Бул жагдай боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар