УКМК: мурдагы мүлк министрине карата кылмыш иши уланып жатат

 УКМК: мурдагы мүлк министрине карата кылмыш иши уланып жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы мамлекеттик мүлк министри жана мМамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысына карата кылмыш иши уланып жаткнаын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 23-июнунда КР УКМК тарабынан КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу) негизинде жана “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсынын башка жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 12-декабрында кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) кайра квалификацияланган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар