УКМК: Милиция бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды

Бишкек шаардык Ленин РИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды.
Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.
25-августа Ч.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.