УКМК: Мамлекеттин казынасына 2 млн 750 миң АКШ доллары чегерилди

 УКМК: Мамлекеттин казынасына 2 млн 750 миң АКШ доллары чегерилди

Мамлекеттин казынасына 2 млн 750 миң АКШ доллары чегерилди. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Тагыраагы, ушул жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында  Т.А.М. аттуу жарандын башкаруусундагы “O 9240 AG” мамлекеттик номурлу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унааны тинтүү учурунда Кыргызстандын  аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталган.

2022-жылдын 10-ноябрында Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. аттуу жарандар күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынган жана 2 миллион 750 миң АКШ доллары мамлекетке чегерилди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар