УКМК: Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

 УКМК: Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу  пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Жанылыктар