УКМК: Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалды

 УКМК: Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-2020-жылдар аралыгында Майлуу-Суу шаардык жылуулук камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери Т.Т.М ишкананын кээ бир жумушчулары менен алдын ала сүйлөшүп алып, өзгөчө ири суммадагы мазут жана газды  мыйзамсыз эсептен чыгарып, мамлекеттик бюджетке 56 млн 237 миң 224 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган фактылардын негизинде 2022-жылдын 26-февралында Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору Т.Т.М. кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

Учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар