УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышып жатканы боюнча комментарий берди

 УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышып жатканы боюнча комментарий берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын жаранынын Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы тууралуу социалдык тармактарда тараган видеого комментарий берди.

Социалдык тармактарда Кыргызстандын К. у. А. Аттуу жаранынын катышуусундагы видео тарап жатат. Буга байланыштуу УКМК бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келерин билдирет. Эске салсак, Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманат.

Буга чейин социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери бул өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К.у. А. экенин тастыктаган. Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мыйзамга ылайык,  кыргыз жарандары чет мамлекетте куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышса, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар