УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак чыкты

 УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак чыкты

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак чыкканын  УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди. Окуя Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө болгон.

Бүгүн, 10-март күнү  саат 10.50лөр чамасында Тажикстандын чек арачылары мурда белгиленген маршрутунан чыгып, башка аймакта туруп, ал жерден кыргызстандык чек арачылардын кетүүсүн талап кылышкан.

Тажикстандын чек арачыларына кошумча кызматкерлер тартылган соң, көптүк кылып дагы башка аймактарга өтүүгө аракет кылган. Бирок Кыргызстандын чек арачылары буга тоскоолдук кылып, жыйынтыгында атышуу башталган. 10 мүнөткө созулган атышуу учурунда Кыргызстан тараптар жабыркагандар болгон жок”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол замат эки тараптын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, кыраалды ырбатпай, жөнгө салуу боюнча макулдашкан.

УКМК Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгү экенин билдирди. Бирок факты жүзүндө кыргыз жарандары пайдаланып жүрөт.

Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Жанылыктар