УКМК «Керемет Банк» ААКсында алдамчылык фактысын аныктады

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери А.К. тарабынан тиешелүү 5 жеке компанияга 2,6 млн АКШ доллары жана 323 млн сом өлчөмүндө насыяны банкка ашыкча баалоо менен ликвиддүү эмес мүлктү күрөөгө коюу менен берүүгө макулдук берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен «Керемет Банк» ААКга келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, берилген насыяларды толук камсыз кылган А.К. тарабынан берилген күрөө менен мамлекеттик банк үчүн тобокелдиктер азайтылды.
Күрөөгө коюлган мүлк “Керемет Банк” ААКнын пайдасына 406 млн 946 миң 950 сом өлчөмүндө камсыздалды жана кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөө графиги бузулган учурда бул кыймылсыз мүлк мамлекеттик банктын кирешесине айландырылат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик башкаруу системасындагы, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык түзүмдөрдөгү мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды уланта берери маалыматта айтылат.