УКМК коррупцияга шектелген райондук аскер комиссариатынын башчысын кармады

 УКМК коррупцияга шектелген райондук аскер комиссариатынын башчысын кармады

Коррупцияга шектелип райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын  9-сентябрында аскердик билеттерди берүүдө мыйзамсыз иш аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.

Кармалган кызматкер тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда аскерге чакыруу системасынын кызматкерлеринин бул ишке катышын аныктоо боюнча тергөө чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Жанылыктар