УКМК: Караколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды

 УКМК: Караколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиргендей, кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат

Жанылыктар