УКМК Камчыбек Ташиевдин өкүл баласын кармады. Видео

 УКМК Камчыбек Ташиевдин өкүл баласын кармады. Видео

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-мартта  T.Б.T. аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен И.А.К аттуу жаран жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. кармалды.

“Кармалган И.А.К аттуу жаран УКМКнын төрагасы К амчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган”,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кармалган жарандар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Жанылыктар