УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

 УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү алты мүчөсү кармалган.

Алар 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.

Кармалгандар бүгүн, 5-сентябда УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М»таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылыңыздар болот.

Жанылыктар