УКМК: “Кадастр” ишканасынын кызматкерлери коррупцияга аралашканы аныкталды

 УКМК: “Кадастр” ишканасынын кызматкерлери коррупцияга аралашканы аныкталды

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.

“Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар