УКМК Исмаилов менен Алимжановдун диплому жасалма экенин БШКга билдирди

 УКМК Исмаилов менен Алимжановдун диплому жасалма экенин БШКга билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы Улуттук коопсуздук комитети эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды бергенин билдирди. Анда «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянстын» депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы айтылат.

БШК атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлады. Мыйзам боюнча, жогорку билими тууралуу диплому жок жарандар Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Дипломдору жасалма деп шек саналып жаткан депутаттар жана алардын фракциялары буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

БШК жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Апта башында атайын кызмат жасалма дипломдорду, кош жарандуулуктукту аныктоо өнөктүгү тууралуу соңку маалыматтарды берген. Анда жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын катарына министр, президенттин облустагы өкүлү, эки мэр баштаган адамдар кошулган.

Андан сырткары парламенттин эки экс-депутаты, тогуз депутаттыкка талапкер бар. Ошондой эле бир министр, облустагы президенттин ыйгарым укуктуу бир өкүлү кошулган.

УКМК дипломдорду январь айынын аягынан тартып текшере баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын билдирген.

 

Жанылыктар