УКМК интернетте тараган видеого тиешеси жок экенин билдирди

 УКМК интернетте тараган видеого тиешеси жок экенин билдирди

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети журналист Болот Темиров, акын Болот Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына атайын кызматтын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 

Маалыматта УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашыра турганы, ошондой эле атайын кызматтын кызматкерлери коомчулуктун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшап жатканы жазылган.

“Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат. УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууларына чакырат”,- деп айтылат маалыматта.

УКМК коомчулук бурмалоого жол бербейт деп ишене турганын кошумчалды.

Жанылыктар