УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү Өзбекстандын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргызстандын жараны П.О.А. кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди. 

“Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон “чарс” баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды”,- деп айтылат маалыматта.

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А.  Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жанылыктар