УКМК: Эки унаа мамлекетке конфискацияланды

 УКМК: Эки унаа мамлекетке конфискацияланды

Баткен облусунун аймагында аткезчилик жүк ташыган 2 автоунаа конфискацияланды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 25-сентябрында жана 15-октябрында контрабандалык жүк ташыган Т.М.А. башкаруусундагы «Тойота Превиа» жана «И.С.Р.» «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалар кармалган.

18-ноябрда Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча эки автоунаа тең мамлекеттин эсебине конфискацияланды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар