УКМК эки мамлекеттик кызматкердин жасалма дипломдору иликтенип жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки жогорку мамлекеттик кызматкердин жасалма диплому аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчилигинин, милициянын полковниги “С.Ы.К.” жана эсеп палатасынын аудиторлорунун бири “С.З.А.” жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылат.
Жогоруда аты аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.
УКМК бул фактылар боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алына турганын кошумчалады.