УКМК диний-экстремисттик уюмунун 7 кызматкерин кармады

 УКМК диний-экстремисттик уюмунун 7 кызматкерин кармады

 “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 7 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар жашаган жерден электрондук каражаттар (уюлдук телефондор жана ноутбуктар), ошондой эле диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган ар кандай адабияттар жана брошюралар табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган материалдарда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясынын жана ишмердүүлүгүнүн белгилери бар экени тастыкталды. Мындан тышкары, тергөө учурунда айыпталуучулардын айрымдары күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда бул ишти сот карап жатат.

Жанылыктар