УКМК диний-экстремисттик уюмдун 12 лидери кармалганын билдирди

 УКМК диний-экстремисттик уюмдун 12 лидери кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиетет «Хизбут-Тахрир» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун 12 лидери жана активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1-майда (Кыргызстанда тыюу салынган) “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 4 лидери жана 8 активдүү мүчөсү кезектеги айлык чогулушун өткөрүү учурунда Аксы районунун Кербен шаарынан кармалган.

Тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.

«Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу жана конспирациялык негизде диний сабактарды өткөрүшүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратышкан», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын тергөө камак жайына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар