УКМК дары-дармектерди мыйзамсыз каттагандарды кармады

 УКМК дары-дармектерди мыйзамсыз каттагандарды кармады

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарынын жана «А» жеке ишканасынын сапатсыз дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз кайра каттоодо, сертификациялоодо жана кийин республиканын аймагына ташып келүүдө көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш аракеттеринин фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, импорттолуучу дары-дармек каражаттарынын курамынын айрым ченемдери ден соолук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү чектен ашып кеткендиги аныкталган. Мындай жагдайларга карабастан департаменттин кызмат адамдары дары-дармектерди мамлекеттик каттоонун тартибин бузуу менен, зарыл болгон баштапкы документтерди жасалмалоо жана алмаштыруу жолу менен өлкөгө сапатсыз дары-дармектерди тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзүшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана башкармалыктын башчысы Т.И. кармалды.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар