УКМК: Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагына кире беришинен К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.
Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган “дары-дармектердин” жүктөрү табылган.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.