УКМК: Чыңгыз “Дөө” кармалды

 УКМК: Чыңгыз “Дөө” кармалды
“Дөө Чынгыз ” каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, кримтөбөл ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 15-июль күнү Бишкек шаарынын аймагынан колго түшүрүлгөн.
“Ал кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча шектелүүдө”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Чыңгыз “Дөө” изделип жаткан. 8-июлда анын автоунаасы аткыланганы, Жумагулов жана анын жанындагы кишилер качып кетүүгө үлгүргөнү айтылган.

Жанылыктар