УКМК: Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

 УКМК: Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, саат 12:37де тажик тарап кыргыз чек арачыларынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлштөрдөн аткылай баштаган.

Белгиленгендей, КР УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жооп иретинде ок чыгарган.

Бирок, кырдаалды турукташтыруу максатында кыргыз аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотту.

Учурда Кыргызстан жана Тажикстан чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Жанылыктар