УКМК: чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен автоунаа кармалды

 УКМК: чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен автоунаа кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунун Достук айылынын аймагынан Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен мамлекеттик номуру S1112M болгон “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган унаа “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан жүгөрү тоютун жүктөп жаткан жеринен кармалган. Кыргыз Республикасынын жараны Дж.С.Р. өзүн эки унаанын тең ээси болом деп тааныштырган.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө бул унаадагы номур “жалган” экени жана ал номур ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаага катталганы аныкталган. Ал эми “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаа Тажикстан Республикасынын аймагында катталып, Лейлек районунун Достук айылынын аймагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасыны менен Тажикстан Республикасынын чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу өтүп келген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жанылыктар