УКМК: чек арадан мыйзамсыз өтүп, никеге туруу аркылуу жарандык алууну көздөгөн чет өлкөлүк кармалды

 УКМК: чек арадан мыйзамсыз өтүп, никеге туруу аркылуу жарандык алууну көздөгөн чет өлкөлүк кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет өлкөнүн жараны кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган “М.Д.А.” аттуу жаран өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен качып, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөн. Ошондой эле жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар