УКМК чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат таратты

 УКМК чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат таратты

18-сентябрь, саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, турукташууга багыт алды. Бул тууралууУКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара сызыгында эскалация аракети жана ок атуу байкалган жок. Тараптар ок атпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда.

Тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу багытында иштерди алып барып жатышат.

Эскерте кетсек, тажик тарап куралдуу кол салууну ушул жылдын 14-сентябрында баштаган. Анда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

 

Жанылыктар