УКМК: Чек ара боюнча жалган маалыматтар таратылууда. Видео

 УКМК: Чек ара боюнча жалган маалыматтар таратылууда. Видео

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, кандайдыр бир жол менен фактыларды тескери бурмалап жатканын кабарлады.

“Муну менен Кыргызстанды терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ал үчүн кыргыз жарандарынын жеке маалыматтарды пайдаланып, чек арадагы чыр-чатакты көрсөткөн жалган фейк маалыматтарды таратышууда”,-деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө. Алардын арасында, “Саатбек Эгамбердиевдин” атынан жазылган аккаунт өзүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтат.

УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганчылыкка, чагымчылдыкка алдырбоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын кызыкдар күчтөрдүн Кыргызстандын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына каршы пайдалануусуна жол бербөөгө чакырат.

Жанылыктар