УКМК БШКнын сайтында кетирилген мүчүлүштүктөр тууралуу иликтөө жүрүп жатканын кабарлады

УКМК 28-ноябрына өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын баракчасындагы мүчүлүштүктөр тууралуу иликтөө жүрүп жатканын кабарлады
“БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында КР ЖК депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы текшерилип жатат.
Алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Бул жагдай маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок.
Жогоруда аталган веб-ресурстун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын жана талапкерлерге берилген жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн” – деп айтылат билдирүүдө.
Атайын кызмат да добуш берүүнүн жыйынтыгы Конституциялык мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталарын белгиледи.