УКМК: Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды

 УКМК: Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ал кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде белгиленген кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмышка шектелүүдө.

«Кармалган адам Л.Р. аттуу жарандын ага болгон карызы үчүн У.С. аттуу жарандын 35 миң АКШ долларынан ашык болгон жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз колдонуудан чыгарып алып, 30 миң АКШ долларын берүүсүн же кыймылсыз мүлкүн жакын туугандарына каттатып берүүсүн талап кылганы аныкталган. Тинтүү иштеринин натыйжасында У.С. аттуу жарандын жеке үйүнүн кайра каттоодон Т.Н.Ж. жакын тууганына өткөндүгү тууралуу документалдуу далилдер алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар