УКМК: Билим берүү министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

 УКМК: Билим берүү министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, «Б.Н. Ельцин» атындагы – Кыргыз-Орус Славян университетинин жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою, бюджеттик окуу жайларына студенттерди кабыл алууну мыйзамсыз уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россия Федерациясынын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргызстандын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган.

Бул кылмыш иши боюнча министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы «А.Г.М.» жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы «Л.Т.М.» кармалды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар