УКМК:  бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран кармалды

 УКМК:  бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран кармалды

Бийликти күч менен басып алууга социалдык тармактарда ачык чакырык жасаган жаран кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, иш боюнча алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 8-февралында кармалган Кыргызстандын жараны «У.М.»   УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. .

Маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесине («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык») ылайык, 8-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарды социалдык тармактарда тараган жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, кызыкдар күчтөрдүн «колунда ойноп» жаткан ар кандай  конституцияга каршы чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.

Жанылыктар