УКМК Баткендин борбордук стадионундагы асфальт төшөө ишин көзөмөлгө алды

 УКМК Баткендин борбордук стадионундагы асфальт төшөө ишин көзөмөлгө алды

Жаңы төшөлгөн асфальт. Баткен.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен шаарынын борбордук стадионундагы асфальт төшөө ишин көзөмөлгө алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган.

УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды.

Буга чейин аталган стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча сүрөттөр бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган.

Жанылыктар