УКМК: Баткенде лотереянын уюштуруучулары байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан

 УКМК: Баткенде лотереянын уюштуруучулары байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан

Баткенде лотерея ойнотууга шектелген жарандардын үйү, иштеген жери тинтүүгө алынды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду.

“Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелер уюштуруучулар тарабынан бөлүнгөндүгү такталган”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда башка мыйзамсыз лотерея уюштуруучуларына карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Жанылыктар