УКМК: Баткенде контрабандалык жүк менен эки автоунаа кармалды

 УКМК: Баткенде контрабандалык жүк менен эки автоунаа кармалды

Баткенде контрабандалык жүк менен эки автоунаа кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, ушул жылдын 10-ноябрында Кадамжай районунун аймагынан 2 автоунаа кармалды.  «Chevrolet Cobalt» маркасындагы унаалар коңшу мамлекеттен алып чыгып келинген контрабандалык жүктү, жалпы салмагы 575 кг болгон кондитердик азыктарды түшүрүп жаткан жеринен кармалган.

«Чогултулган материалдар тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн Баткен облусу боюнча бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар