УКМК: Баткенде контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды. Видео

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенген жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б.А. кармалган.
Аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.