УКМК: Баткенде чек ара кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды

 УКМК: Баткенде чек ара кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды

Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматында аталган өткөрмө посттун Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталганы жазылган.

“Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде жогоруда аталган Чек ара кызматынын өткөрмө постунун көзөмөлдөөчулөрү «А.Б.», «А.Н.», «А.Ж.», «А.Ж.» жана нөөмөт башчысы «О.Э.», ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу «Ж.А.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

УКМК тарабынан Аскер прокуратурасы менен биргеликте бул кылмыш ишин иликтөөнү улантып, анын алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарынын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.

Жанылыктар