УКМК Башкы прокуратуранын кызматкерин кармады

 УКМК Башкы прокуратуранын кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ, 5-сентябрда Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү «С.Н.М.» кармады.

Атайын кызматтан билдиргендей, ал Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен кармалган иштин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү “С.Н.М.” Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери менен кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.

Жанылыктар