УКМК: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

 УКМК: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

Кыргызстан менен Казакстандын чектеш райондорунун жарандары тарабынан уюштурулган баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Ушул жылдын 3-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмө постунан Талас облусунун тургуну Ш.Э.Д. кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан болжолдуу түрдө синтетикалык, жалпы салмагы 1 105 граммды (1,105 кг) түзгөн баңгизаты табылган.

Бул кылмыш иштин алкагында кылмыштуу топтун активдүү катышуучуларынын бири З.Э.З. аттуу жаран дагы кармалды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Учурда баңгизатынын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка башка дагы тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар