УКМК: «Азия Молл» соода борборунан жарылуучу зат табылган жок

 УКМК: «Азия Молл» соода борборунан жарылуучу зат табылган жок

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кечээ, 20-январда Бишкекте “Азия Молл” соода борборунун имаратына жардыруучу зат коюлган делген маалымат боюнча комментарий берди. 

Атайын кызматтын маалыматында милиция кызматкерлеринин текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.

«Жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин КР УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана Соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган»,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле жардыруучу зат коюлган делген маалыматты тараткан уюлдук номурдун ээси Кыргызстандын Т.И аттуу жараны аныкталып, кылмышка катыштыгы бар экени такталып жатат.

Мындан сырткары окуянын башка жагдайлары териштирилип жатат.

Жанылыктар