УКМК: Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси кармалды

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-майда Бишкек шаарында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Тилекова Мээрим Тилековнанын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.