УКМК: алкоголдук ичимдиктерди жашыруун өндүргөн цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 УКМК: алкоголдук ичимдиктерди жашыруун өндүргөн цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Алкоголдук ичимдиктерди жашыруун өндүргөн цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды.

«Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылды. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын»,-деп айтылат маалыматта.

УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин белгиледи.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар