УКМК: Алиярбек Абжалиев алдамчылык иши боюнча 1,2 млн доллар төлөп берди

 УКМК: Алиярбек Абжалиев алдамчылык иши боюнча 1,2 млн доллар төлөп берди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Абжалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 млн доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде А.А. камакка алынып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө иш боюнча чындыкты тактоо жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө айыпталуучу А.А. жабырлануучуга келтирилген 1,2 млн. АКШ долларынан ашык зыяндын ордун толугу менен толтурган.

Буга байланыштуу 2022-жылдын 11-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучу А.А. карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулду.

Жанылыктар